ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтө турган мыйзамды жактырды 

Бүгүн, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтө турган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору тууралуу Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда зомбулукка шектүүлөрдү камакта кармоо мөөнөтүн 7 суткадан 14 суткага чейин узартуу сунушталууда. Ошондой эле техникалык каражаттардын – электрондук билерик жана мобилдик тиркеме аркылуу шектүүлөрдү көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү каралган.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү аялдарга карата зомбулук учурларынын, өзгөчө адам өлүмүнө алып келген кайгылуу фактылардын көбөйүп жатканын белгилешип, бул жаатта алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын айтышты. Ошондой эле мыйзам бузгандарга карата жоопкерчиликти катаалдаштыруу, укук коргоо органдарынын аракетин күчөтүү боюнча сунуштар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан