Президент Садыр Жапаров Индия премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.
Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, буга чейин Индиянын Ахмедабад шаарындагы аэропортко жакын жерде Air India компаниясына таандык Boeing 787 учагы кыйраган. Учактын ичинде жалпы 242 жүргүнчү болгон, алдын ала маалыматтарда 130дан ашуун адам каза болгону айтылууда.