Жогорку Кеңештин депутаттары абактагы соттолгондор менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова жана Медербек Алиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагына барышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, алар мекемелердин жетекчилиги жана өздүк курамы менен жолугушуп, абактагылар менен жеке сүйлөшүү өткөрүштү. Анда алар кармоо шарттары, бөлмөлөрдүн санитардык абалы, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, тамак-аш, китепкана, соттолгондордун адвокаттар жана туугандары менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маселелер менен да таанышып чыгышты.

Депутаттар жаза өтөөчү жайларда адам укуктарынын сакталышын камсыздоо жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун аткарып жаткан иштерине жогору баасын беришти. Аны менен бирге мындай иш-чаралар коомдук жана парламенттик көзөмөл механизмин чыңдоого көмөктөшүп, Жаза аткаруу кызматынын ишинин ачыктыгын жогорулатарын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан