Өзбекстанда жынысын алмаштыргандарга аты-жөнүн өзгөртүүгө уруксат берилди

Өзбекстанда жынысын алмаштырган жарандарга ысымын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, тиешелүү токтомду аталган өлкөнүн министрлер кабинети кабыл алды.

Бул боюнча мурдагы депутат Расул Кушербаев: "Дилшод" деген ысымды тоскоолдуксуз эле "Дилшода" деп өзгөртүүгө болот",- деп билдирди.

Аты-жөнүн өзгөртүүнү каалагандар ички иштер органдарына арыз тапшырышы керек. Арыз жынысты өзгөрткөндүгү тууралуу медициналык корутунду болгон учурда гана кабыл алынат.

Ошондой эле жарандарга ысымы же фамилиясы жагымсыз угулса, ажырашуу болгон болсо же үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдей фамилия алгысы келсе паспорттук маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан