Жасалма акчаларды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган министрликке жасалма 50 миң долларды сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун 2003-жылы туулган Э.Ж. аттуу тургуну кармалды.
Далил катары андан жасалма 400 доллар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жасалма акчалар чет өлкөлөрдөн алынып келген. Жасалма чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча мындан аркы иштер жүргүзүлүп жатат.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.