АКШ-Иран сүйлөшүүсү күтүлүүдө

АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи ушул жумада жолугушу мүмкүн экени айтылууда. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, мындай жолугушуунун башкы максаты - Иран менен Израилдин ортосундагы куралдуу кагылышууну токтотуу тууралуу дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштоо жана өзөктүк келишимди кайрадан карап чыгуу.

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын Фордоудагы уран байытуучу жайын жок кылуу үчүн атайын күчтүү бомбаларды колдонуу маселесин карап, бул менен Иранды сүйлөшүүгө мажбурлоону пландап жатат.

Азырынча ал Израилдин Иранга сокку уруу аракеттерине түз аралашкан жок, бирок Иран өзөктүк курал албашы керектигин баса белгилейт. Израилдин премьер-министри Нетаньяху Трампты согушка катышууга чакырып жатат.

Трамп чоң жетиликтин саммитинде Иран менен Израилдин ортосундагы согушту токтотуу керектигин айтып, Иран менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

АКШнын коргоо министри да Трамп тынчтыкты каалап жатканын билдирди. Ак үйдүн өкүлү болсо, америкалык аскерлер азыр коргонуу абалында экенин жана согушка аралашпагандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан