Канадада өткөн чоң жетиликтин (G7) саммитинин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери Израилди колдой турганын билдиришип, Иранды Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктун булагы деп аташканын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Алар Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жана туруктуулукту жактай тургандыктарын ырасташып, Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу керектигин белгилешет.
The New York Times басылмасынын жазганына караганда, акыркы билдирүүгө жети лидер тең кол коюшкан. АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Канададагы саммиттен эрте чыгып кеткени да айтылды.
Буга чейин маалымат каражаттары Трамп жыйынтыктоочу документке кол коюудан баш тартышы мүмкүн экенин жазышкан.
Айта кетсек, чоң жетиликке Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония кирет.