Бишкекте чир спорту боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 14-15-июнь күндөрү “Газпром” спорт комплексинде болгон. Мелдеш өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Катышуучулар жуптук, тайпалык жана жекелик номерлерди аткарышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция тарабынан диплом жана медалдар тапшырылды.
Ошондой эле чир спорту боюнча Азия чемпиондугу, “Kyrgyzstan open 2025” жана эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Швеция жана Орусиядан келген спортчулар катышты.