Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров чек араларды тактоо иштеринде парламенттин салымы чоң болгонун айтты.
Өлкө башчы эгер депутаттар колдобогондо өлкөдө эле эмес, Борбордук Азияда баш аламандык жаралмак дейт.
"Бийлик бутактары менен парламент бардык маселелерде тил табышып иш алып баруу жолуна түштүк. Ал өзүнүн үзүрүн берди. Коңшу өлкөлөр менен чек араларды аныктоо маселесин тез арада жөнгө салып кеттик. Коңшу мамлекеттер менен мамилелерди оңдоп, чек араларды чечүүдө Жогорку Кеңештин дагы зор салымы болду. Эгерде депутаттардын көпчүлүгү ошол маалда ач-айкырык жасагандарды, митинг уюуштуруп, жалган маалымат таратып, элдин башын айландыргандарды ээрчип кеткенде курчуп турган абал Кыргызстанда эле эмес, азыр чыр-чатак болуп жаткан өлкөлөрдөй эле Борбордук Азияда дагы абал башкача нукка бурулуп кетмек",- деди Жапаров.