Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин айтты.
"Жунушалиев кайда? Ал издөөдөбү? Дайыны жок. Опумбаевди "жок" деп жатып, баягы күнү соттон көрдүк. Булар боюнча маалымат бергиле. "Карга карганын көзүн чукубайт" болуп, мурунку министриңерди жашырып жатасыңарбы?",- деди депутат.
Талиева министрлер берген анттарын бузган учурда аёосуз жазалануусу керек деген пикирин кошумчалады.
Эске салсак, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыктарда кызматтарын таштап, качып кетишкен. 2023-жылы мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев аларга карата октябрь окуялары боюнча кылмыш иши козголбогонун айткан.