"Ring My Balance": Абу-Дабидеги Энрике Иглесиастын концертине жолдомону кантип утуп алса болот

Унутулгус сапарга даярсызбы? Balance.kg "Ring My Balance" масштабдуу конкурсун өткөрөт. Баш байге — Энрике Иглесиастын концертине билет менен Абу-Дабиге эки кишилик жолдомо. Ошондой эле жай бою "Яндекс Плюс" жазылуусуна ондогон промокоддор жана "Яндекс Миди Станциясы" смарт-колонкалары ойнотулат.

Кантип катышса болот?

Balance.kg колдонмосу аркылуу 100 сомдон жогору суммадагы төлөмдөрдү жасаңыз:

  • электрондук капчык менен,
  • жеке баланстан (бирдик),
  • Balance Card картасы боюнча.

Төлөм операциялары канчалык көп болсо, утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот! Мисалы, сиз 20 төлөмдү 200 сомдон, ал эми досуңуз 10 төлөмдү 1000 сомдон аткарды. Сизде артыкчылык бар, анткени сарпталган сумма эмес, төлөмдөрдүн саны эске алынат.

Balance.kg аркылуу жүргүзүлгөн кайсы төлөмдөр каралат?

  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, салыктар, айып пулдар, мамлекеттик алымдар;
  • Balance Card менен дүкөндөрдөн, кафелерден жана сервистерден сатып алуу;
  • Google Pay, Samsung Pay аркылуу контактсыз төлөмдөр;
  • ElQR юридикалык жактардын төлөмдөрү;
  • интернет-дүкөндөрдөн сатып алуу (жазылуу, стриминг, такси, тамак-аш жеткирүү);
  • насыяларды төлөө.

Конкурс 2025-жылдын 1-июнунан 31-августка чейин өткөрүлөт. Баш байгени утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз — Абу-Дабиге эки кишилик саякат жана Энрике Иглесиастын концертине билеттер!

Ошондой эле ай сайын төмөнкү байгелер ойнотулат:

  • 1 х "Яндекс Миди Станциясы";
  • 18 х "Яндекс Плюс" промокоддору (6 жана 12 айга).

Конкурстун шарттары тууралуу кененирээк компаниянын сайтынан же Balance.kg колдонмосунан биле аласыздар.

Balance.kg менен конкурска катышып, жеңишке жетиңиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан