Иран Израилдеги бардык буталарга тынымсыз чабуул коюуну көздөп жатат

Тегеран мындан ары Израилге сокку урууда өзүн чектебейт. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Абдулрахим Мусави билдирди.

"Биз агрессия жасаган сионисттик режимге тиешелүү бардык буталарга тынымсыз чабуул жасайбыз жана биздин алдыбызда эч кандай чектөөлөрдү көргөн жокпуз",- деп келтирет анын сөзүн SNN телеканалы.

Айта кетсек, бүгүн, 19-июнда эртең менен Иран Израилге кайрадан ракеталык сокку урду. Чет өлкөлүк басылмалар соккудан жаракат алгандардын саны 30дан ашканын жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан