Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бейшемби күнү Израилдин жарандарын бутага алган ракета атуулары үчүн Иран жооп берерин билдирди.
"Бүгүн эртең менен ирандыктар Беэр-Шевадагы Сорока ооруканасына жана Израилдин борборундагы карапайым калкка ракеталык сокку урушту. Биз Тегерандан толук бааны талап кылабыз",- деп жазган ал X социалдык тармагында.
Айта кесек, бүгүн, 19-июнда эртең менен Иран Израилге ракеталык сокку урду. Чабуул Тель-Авив, Рамат-Ган жана Холонго жасалган. Ошондой эле Беэр-Шева шаарындагы ооруканага ракета тийген.
Чет өлкөлүк басылмалар Израилде жаракат алгандардын саны 30дан ашканын жазып чыгышты.