Жасалма интеллект ChatGPT чатботун колдонгондон кийин адамдын мээсин биринчи жолу изилдөө үрөй учурган жыйынтыктарды көрсөттү. Бул тууралуу LADBible басылмасы жазды.
Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөө жасалма интеллекттин адамдын когнитивдик жөндөмүнө тийгизген таасиринин үрөй учурган натыйжаларын көрсөткөн. Эксперименттин жүрүшүндө 54 студент дилбаян жазуу тапшырмаларын аткарып, үч топко бөлүнгөн. Дил баянды кээ бирлери ChatGPT чатботунун жардамы менен, башкалары интернеттен маалыматтарды издөөнү пайдаланып, үчүнчү топ эч кандай тышкы жардамсыз жазышкан.
Окумуштуулар атайын аппараттын жардамы менен катышуучулардын мээсинин активдүүлүгүнө көз салышкан. Натыйжада жасалма интеллектти такай колдонгондордун когнитивдик активдүүлүгү кыйла төмөндөп кеткен. Алар маалыматты начар эстеп калышкан жана ойлорун иреттөөдө кыйынчылыкка дуушар болушкан. Эффект айрыкча жасалма интеллектти 4 ай үзгүлтүксүз колдонуудан кийин байкалган.
Катышуучулар топторду алмаштырууну суранганда, жасалма интеллекттен өз алдынча иштөөгө өткөндөр когнитивдик функциянын деңгээлин тез калыбына келтире алышкан эмес. Ошол эле учурда жасалма интеллектсиз иштегендер аны колдоно баштаганда эмгек өндүрүмдүүлүгүн убактылуу жогорулатышкан. Бирок убакыттын өтүшү менен аларда да төмөндөө байкалган.
Эксперттер жасалма интеллект пайдалуу курал болгону менен аны ашыкча колдонуу окууга жана критикалык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет деген жыйынтыкка келишкен.