Жогорку Кеңештин төрагасы Ноокат районуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барды.

Алгач Киров айылында жайгашкан Абдула Кодирий атындагы мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектеп 1994-жылы ашар жолу менен курулган, учурда 500дөн ашуун окуучу үч нөөмөт менен билим алууда. Эскилиги жеткен мектепти көрүп чыккан төрага тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы окуу имаратын куруу тапшырмасын берди. Ошондой эле айыл тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жергиликтүү элдин өзүнөн угуп, өз көзү менен көрүп кетүү үчүн келгенин баса белгиледи.

“Миң уккандан бир көргөн артык” деген жакшы кеп бар. Ошондуктан тиешелүү жетекчилерди ээрчите келип, маселелерди жеринде чечүү максатында иш сапар уюштурдум. Өлкөбүздөгү ири райондордун бири саналган Ноокат жергесинде да социалдык-инфраструктуралык маселелер аз эмес. Башкы көйгөйлөрдүн бири саналган жолдун курулушу жакынкы аралыкта аягына чыгат. Эми бала бакча, мектеп, оорукана жана таза суу өңдүү маселелерди да чечип алышыбыз керек”,- деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан