Конгрессмен АКШнын Иранга жасаган чабуулун Трампка импичмент жарыялоо үчүн негиз деп атады

АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ Конгрессинин макулдугусуз Иранга сокку уруу чечими импичмент үчүн негиз болгон олуттуу мыйзам бузуу болуп саналат. Бул тууралуу кечээ, 22-июнда конгрессмен Александрия Окасио-Кортес билдирди.

"Президенттин Иранды уруксатсыз бомбалоо боюнча катастрофалык чечими Конституцияны жана Конгресстин согуштук ыйгарым укуктарын одоно бузуу болуп саналат. Бул импичмент үчүн абсолюттук жана так негиз болуп саналат",- деп жазган ал өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына.

Айта кетсек, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан