АКШнын Мичиган штатындагы Уэйн шаарында жайгашкан чиркөөгө бир киши унаасын айдап кирип, ал жердеги сыйынуучуларга ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуянын кесепетинен бир адам жаракат алды. Кол салган адамды чиркөөнүн күзөтчүсү атып салганы айтылат. Полиция окуя боюнча тергөө иштери башталганын маалымдады.
Кол салуу маалында чиркөөдө 150дөй адам, анын ичинде балдар болгон. Сыйынуучу жайдын улук пастору Бобби Келли чиркөөнүн мүчөлөрүнүн бири кол салган адамды кулатууга жетишкенин, бул күзөтчүгө ок аткан адамды өлтүрүүгө мүмкүндүк бергенин айтат.