Элдешүүгө бирдей келди.... Трамп Израил менен Иран келишимге келгенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн, 24-июнда Иран менен Израил ага кайрылып тынчтык сураганын айтты. Эгерде бул келишим аткарылбаса эки өлкө тең көп нерсе жогото турганын эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Израил менен Иран мага дээрлик бир убакта келип "Тынчтык!" дешти. Тынчтык Жакынкы Чыгыштын чыныгы жеңүүчүсү экенин билчүмүн. Келечекте эки өлкө көп нерсеге ээ болушат. Эгерде алар адилеттүүлүк жана чындык жолунан адашса, баарын жоготушат",- деди Трамп.

Американын лидери буга чейин Израил менен Иран 12 күндүк согушту 24 сааттан кийин расмий түрдө токтото турганын билдирген эле. Анын айтымында, ок атышууну биринчилерден болуп Иран токтотот, Израил 12 сааттын ичинде бул келишимди ишке ашырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан