Британиялык мушкер Тайсон Фьюри карьерасын улантат. Бул тууралуу 2-июлда Сауд Арабиясынын Спортту өнүктүрүү башкармасынын төрагасы Турки Аль аш-Шейх билдирди.
"Мен Фьюри менен сүйлөштүм, ал мага 2026-жылы Эр-Риядда беттешке чыгам деп сөз берди",- деп жазган ал X социалдык тармагында.
Фьюри карьерасын жыйынтыктаганын 14-январда жарыялады. 36 жаштагы британиялык мындай чечимди украиналык Александр Усиктен утулгандан кийин кабыл алды. Британдык мушкер карьерасында 37 беттеш өткөрүп, анын 34үн жеңип, экиде жеңилүү ызасын тартып, биринде тең чыккан.