Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июлда эркин журналист Канышай Мамыркуловага чечим чыгарып, төрт жыл пробация менен сот залынан бошотту.
Буга чейин прокурор ага эки берененин негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жыл 6 ай эркинен ажыратууну суранган.
Пробациялык көзөмөлдүн алкагында журналистке социалдык тармактарга билдирүүлөрдү жарыялоого жана саат 22:00дөн 6:00гө чейин үйдөн чыгууга тыюу салынды.
Эске салсак, журналист Канышай Мамыркулова быйыл 20-мартта кармалган. Ал Жазык кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыпталган.
Журналисттер жана укук коргоо уюмдары президентке жана күч түзүмдөрүнө ачык кат жөнөтүшүп, Мамыркулованын камакта отурушу анын ден соолугуна коркунуч жаратат жана сөз эркиндигине каршы келет деп билдиришкен.