Ысык-Атадагы 22 жаштагы кыздын өлүмү: Айыпталуучуга 14 жыл жаза берилди

Ысык-Ата районунда 22 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган 21 жаштагы жигит 14 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматты бүгүн, 7-июлда Чүй облустук соту ырастады.

Облустук сот ага карата сот өкүмү 17-июнда Ысык-Ата райондук соту тарабынан чыкканын белгиледи. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 7-8-14-пункттары (Өзгөчө мыкаачылык менен), (Зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон), (Башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ага карата мүлкүн конфискациялоо менен берилген мөөнөттү жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө чечими чыккан.

Эске салсак, февраль айында маркумду өлтүрүүгө шектелип, анын таанышы кармалган. Чүй облустук милициясынын маалыматы боюнча, айыпталуучу кызды сабап, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң ал жасаган кылмышын жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн талаага алып барып, көмүп койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан