Пакистандын Лахор шаарында арстан аял кишиге жана анын балдарына кол салганын чет элдик басылмалар жазышты.
Жырткыч жергиликтүү фермердин үйүнөн качып чыккан. Ал тосмодон секирип чыккандан кийин көчөдөгү эки кичинекей баласы бар аялга кол салган. Алар жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.
Арстан жана анын ээси да кармалган.
Айта кетсек, Пакистанда экзотикалык жаныбарларды үйдө кармоого уруксат берилген.