АКШ 1-августтан тарта Казакстандан импорттолуучу бардык продукцияларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин билдирди. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жөнөткөн катынын текстин Truth Social тармагында жарыялады.
"Бул катты сизге жөнөтүү мен үчүн чоң урмат. Бул кат биздин соода алакаларыбыздын бекемдигин жана АКШ Казакстан менен кызматташтыкты улантууга даяр экенин көрсөтөт. Биздин өлкөлөр ортосундагы чоң соода дефицитине карабастан, кызматташууну улантабыз",- деп айтылат катта.
Трамп өз катында АКШ менен Казакстандын соода мамилелери тууралуу көп жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келгенин, бирок азыр узак мөөнөттүү дефициттерге каршы чара көрүү зарылдыгы жаралганын белгиледи. Ал белгилегендей, бул салык АКШ аймагында өндүрүлгөн товарларга тиешеси жок.
"Эгерде кандайдыр бир себептерден улам сиздер өз тарифтериңизди киргизсеңиздер, анда ал кандай көлөмдө болбосун, биз ага кошумча 25 пайыз кошобуз. Бул тарифтер соода тоскоолдуктарын жөнгө салуу үчүн зарыл. Соодадагы теңсиздик биздин экономикага жана улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурат",- деп жазган Трамп.
Жаңы бажы төлөмдөр Япония, Түштүк Корея, Малайзия (25 пайыз), Түштүк Африка (30 пайыз), Лаос жана Мьянма (40 пайыз) сыяктуу башка өлкөлөргө да киргизилгени айтылды.
Быйыл 2-апрелде Трамп дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген. Ошол учурда Казакстандан келген товарларга 27 пайыз бажы төлөмү сунушталган болчу. Бирок кийин АКШ бул чечимди убактылуу токтотуп, 10 пайыздык деңгээлде кармап турган. Бул токтотуу мөөнөтү 9-июлда аяктайт.
АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин айтымында, эгер 1-августка чейин соода сүйлөшүүлөрдө прогресс болбосо, бажы төлөмдөрү толук көлөмдө калыбына келтирилет.
Эске салсак, кечээ, 7-июлда Трамп БРИКС уюмунун антиамерикалык саясатына кошулган ар бир өлкөгө кошумча 10 пайыздык тариф киргизиле турганын жарыялаган.