Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду

Социалдык тармактарда жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкердин видеосу тарады.
Курулуш министрлиги видео боюнча маалымат берип, аталган кызматкер иштен алынганын билдирди.
Маалыматка караганда, видеодогу жаран Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкери болгон.
Окуя кечээ, 8-июлда орун алган.
"Ал Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык, бүгүн, 10-июлдан баштап аталган башкармалыктын долбоорлоо бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулду. Ал эми башкармалыктын жетекчиси Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык тартиптик жазага тартылат",- деп билдирди министрликтен.
10.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан