УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 9-июлдагы Оштогу жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын кадр маселелерине кийлигиштирбөөнү тапшырды.
Ташиев айрым эл өкүлдөрүнүн кадр маселесине кийлигишкени боюнча маалымат бар экенин айтып, алардын атын атады. Атайын кызматтын башчысы атын атаган депутаттарындын катарында Надира Нарматова, Бакытбек Марипов, Улан Примов, Таалайбек Сарыбашев, Улугбек Ормонов бар.
Ташиев эл өкүлдөрүнө да эскертүү берди.
"Урматтуу депутаттар, жергиликтүү бийлик органдарына барып, кайсы бир шарттарды коюп, "өзүмдүн кадрымды алып келем" дегенди унуткула. Буга биз жол бербейбиз. Акимдин ишиби, аким чечет. Мэрдин ишиби, мэр чечет. Алардын ишине гана баа бересиңер. Барып кадрга, финансы жагына кийлигишкенди токтоткула",- деди ал.