Чүйдө ири өлчөмдөгү курал-жарактардын катылган жери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда УКМКдан билдиришти.
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта дарыясынын түштүк аймагында катылган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде 4 даана кыскартылган сайсыз жана 2 газ травматикалык тапанчалары табылган.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, табылган ок атуучу куралдар мурда "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Көлбаев аттуу криминалдык авторитеттин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.