Украинанын Коопсуздук кызматынын полковниги Иван Воронич Киевде өлтүрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Раданын мурдагы депутаты Игорь Мосийчук өзүнүн Telegram каналында билдирди.
"Азырынча белгисиз адам полковник Воронич Иван Ивановичке жакындап келип, беш жолу ок аткан. Андан кийин кылмыш жасалган жерден качып кеткен",- деп жазган Мосийчук.
Анын айтымында, Воронич атайын операциялар борборунун башкармалыгынын улук оперкызматкери болуп иштеген жана окуя болгон жерден каза болгон. Учурда ок чыгарган адамды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.