Кытайлык CCRC Changchun Railway Vehicles компаниясы ылдамдыгы саатына 600 чакырымга чейин жеткен жаңы муундагы поезддин прототибин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Иштеп чыгуучулар жаңы поезд жогорку эффективдүү, коопсуз, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза экенин белгилешкен.
Кытайда 2004-жылдан бери Шанхайды Пудун эл аралык аэропорту менен байланыштырган коммерциялык магниттик левитация поезд линиясы иштейт. Бул линиядагы поезд саатына 430 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт.
Инженерлердин айтымында, жаңы поезд Кытайдын ири шаарларынын ортосундагы каттамдарда өзгөчө суроо-талапка ээ болот. Мындай поезддер учун ири соода линияларын курууну беш жылдыкта баштоо пландаштырылып жатат.