Орусияда эки жашар кыз 4-кабаттан кулап түштү

Орусиянын Находка шаарында эки жашар кыз төртүнчү кабаттан кулап, оор абалда реанимацияга жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-июлда болгон. Бала оор жаракаттарды алып, азыр травматикалык шок абалында. Дарыгерлер ага бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ымыркай торчого жөлөнүп, анын салмагына туруштук бере албай, кулаган.

Приморск крайынын прокуратурасы бул окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан