Макронду жубайы кайрадан ыңгайсыз абалда калтырды (видео)

Интернет желесинде Франциянын биринчи айымы Брижит Макрондун Улуу Британияда Эммануэль Макронду ыңгайсыз абалда калтырганы тартылган видео тароодо.

Анда Маронго жубайы кош көңүл мамиле кылганын көрүүгө болот. Бул учур жубайлар Британ падышалыгынын королу Чарльз III менен жүргөндө тартылып алынган.

Буга чейин Макрон Улуу Британияга иш сапары менен барган учактан түшүп келе жаткан Брижитке сунган колу жоопсуз калып, ыңгайсыз абалда калган.

Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып, Брижит Макрондун маанайсыздыгына анын эжесинин каза болгону себеп экенин жазып чыкты.

11.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан