21-июлдан баштап жалган маалымат тараткандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзамдын максаты маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Ал 18-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодекс анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчиликти караган 1093-берене менен толукталды.

Мында жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен жалган маалымат таратуу коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, анда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.

Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан