АКШнын Техас штатында болгон суу ташкынынан каза болгондордун жалпы саны 129 адамга жетти. Бул тууралуу CBS басылмасы жергиликтүү бийликке таянып жазды.
Маалыматта дагы 170тен ашык киши дайынсыз болуп жатканы айтылат.
Аймактагы жаратылыш кырсыгы июль айынын башында болгон. Каза болгон адамдар эң көп катталган жер — Керр округу. Бул жерде 161 киши дайынсыз экени айтылган.
АКШнын Улуттук метеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Керр округундагы бир нече шаарда күтүүсүз суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Буга чейин табият кырсыгынан 119 адам каза болгону маалымдалган.