Кечээ, 13-июлда Беларуста эстрадалык ыр аткаруучулардын XXXIV эл аралык "Витебск-2025" сынагында кыргызстандык Рыскелди Старбеков 3-орунду ээледи. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Сынак "Витебсктеги Славян базары" искусство фестивалынын алкагында өттү. Рыскелди орусча "Реченька" деген ырды аткарган. Ал 70 баллдан 65 балл алган.
"Бул менин өлкөмдүн жеңиши",- деп билдирүү калтырган Старбеков.
Биринчи орунду казакстандык Алмагүл Батталиева жеңип алган.