Парижде атчан жоокер Макрондун трибунасынын алдында кулады (видео)

Кечээ, 14-июлда Парижде улуттук майрамга арналган аскердик парадга катышып жаткан Республикалык гвардиянын аргымагы тайгаланып жыгылды.

Аянттан өтүп бара жаткан атчан жоокерлерлер Франциянын президенти Эммануэль Макрондун трибунасы жайгашкан жерге жеткенде аргымактардын бири тайгаланып кетип, жыгылган. Ат менен кошо анын үстүндөгү аскер адамы да кулаган.

Le Figaro гезити аскер кызматкери жабыркабаганын тактады. Өз кезегинде Le Parisien гезити парад учурунда курсанттардын бири кылыч менен кулагын кокустан кесип алганын жазды.

Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, Парадга 7000 жоокер, анын ичинде Индонезия армиясынын 450дөн ашуун аскер кызматчылары катышкан.

Белгилей кетсек, 1789-жылы 14-июлда козголоңчу париждиктер Бастилияга чабуул коюп, туткундарды бошотушкан. Бул окуя 1789-1794-жылдардагы Улуу Француз революциясынын башталышы катары эсептелет. 1790-жылы Бастилияны басып алуунун биринчи жылдыгында Парижде улуттук жарашуу майрамы өткөн. 1880-жылдан тарта 14-июль расмий түрдө улуттук майрам болуп калган.

15.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан