Чолпон-Ата шаарындагы көңүл ачуучу жайлар текшерилди

Ысык-Көл районунун милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарындагы көңүл ачуучу жайларда түнкү рейддерди өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Иш-чаранын алкагында түнкү клубдар, ресторандар жана башка көңүл ачуучу жайлар текшерилип, тынчтык жөнүндө мыйзамдардын сакталышы, жашы жете электерди мыйзамсыз эмгекке тартпоого, ошондой эле коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу эрежелеринин аткарылышы каралды.
Рейддердин жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:
• жашы жете электердин түнкү убакта мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз оюн-зоок жайларында болушу;
• өспүрүмдөрдү эмгек келишимдерин түзбөй жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз түнкү убакта ишке тартуу;
• мыйзам талаптарын бузуу менен кальяндарды сатуу жана сунуштоо;
• түнкү тынчтык жөнүндө мыйзамдардын бузулушу.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча укук бузуулар жөнүндө кодексинин 84 жана 74-беренелери боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Ысык-Көл РИИБи ишкерлерди колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого чакырат. Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан