Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Будапештте күмүш медаль алды

Кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан рейтингдик турнирде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Белгилүү болгондой балбан мелдешке 61 килограмм салмак категориясында катышкан.
Ал алгачкы беттешинде түркиялык Эмрах Орманоглуну 2:1, 1/4 финалда индиялык балбан Удитти 5:0 эсебинде утту. Жарым финалда мекендеши Бекзат Алмаз уулу менен болгон беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Ал эми алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште ушул жылдын Азия чемпиону, япониялык Такару Судага 3:5 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш байгесин жеңип алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан