
Өлкө аймагында акыркы суткада, 17-июлда 29 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 30 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ билдиргендей, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 3, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 6, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалар кызматы жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.