Бүгүн, 21-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Ынтымак Ордого келди.
Монголия лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда Ынтымак ордо имаратынын алдына келди. Бийик даражалуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Ынтымак ордонун флагштокторуна Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.
Президенттер бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. Андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.
Өлкө лидерлери саламдашкан чоң, бирге сүрөткө түшүп, андан соң сүйлөшүү үчүн жыйындар залына кирип кетишти.