Монголиянын президенти "Ата-Бейитке" барып, курман болгондорго таазим кылды (видео)

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бүгүн, 21-июлда "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн лидерин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп барган.

Белгилей кетсек, Монголиянын лидери Хурэлсух кечээ, 20-июлда өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген. Ынтымак-Ордодо өтчү президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

21.07.2025
21.07.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан