Ахмедабад-Лондон каттамындагы учакта аман калган жалгыз адам Кумара Рамешанын үй-бүлөсү баласынын кырсыктан кийин кандай жашап жатканын айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Рамештин жакындарынын айтымында, ал азыр психологиялык жактан оор абалда - араң уктайт, уктаса жаман түштөн ойгонот.
"Ал кадимкидей уктабайт. Уктап жатканда учакта баратканын түшүндө көрөт. Анын алдында баары кантип өлгөнүн эстейт",- дейт Рамештин тууганы, 24 жаштагы Крунала Кешаве.
Ал кошумчалагандай, ал аман калганы үчүн дайыма өзүн күнөөлүү сезет. Жанында анын агасы кырсыктан каза болгон.
"Ал агасын бардык жерден эстей берет. Учурда ал кадимки жашоого аракет кылып жатат, бирок окшошпой жатат. Үй-бүлөсү менен үйдө отурат. Кырсыкка чейин ал Диу шаарындагы үйдө агасы менен чогуу жашаган",- деди тууганы.
Анын башка туугандарынын айтымында, ал адам жалгыз аман калганы үчүн өзүн дайыма күнөөлөп, кантип жашаш керектигин түшүнө элек. Бирок, жакын адамдары бул жаракат менен күрөшүүгө жардам берүүгө аракет кылып жатышат.
Эске салсак, Air India авиакомпаниясынын Boeing 787 Dreamliner учагы 12-июнда Улуу Британияга учуп баратып Ахмедабадда кулап түшкөн. Учактын учкучтары аба диспетчерлерине абага көтөрүлгөндөн бир-эки мүнөт өткөндөн кийин учак бийиктикке чыга албай калганы тууралуу эскертишкен. Учак кырсыгынан 279 адам каза болгон, алардын 38и жерде болгон. Жалгыз аман калган 40 жаштагы Вишваш Кумар Рамеш болгон, ал 11А орундукта отурган.