АКШда мыйзамсыз мигранттарга жана жумуш берүүчүлөргө каршы чаралар күчөтүлдү

АКШнын Иммиграция (ICE) агенттигинин убактылуу директору Тодд Лайонс, өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөргө, соттолгондугу жок болсо да бардыгын кармоого аракет кыларын жана уруксаты жок эмгекчилерди иштеткен компанияларга каршы катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, ICE ресурстары негизинен мыйзамсыз мигранттар менен оор кылмыш жасаган адамдарга багытталат. Бирок кылмыш жазасы жок болгону менен АКШда уруксаты жок жүргөндөр да кармалышат.

Лайонс ошондой эле ишканаларга карата текшерүүлөр улантыларын, мындай иштерге тыюу салынбаганын, ICE мыйзамсыз эмгекчилерди гана эмес, аларды иштеткен жумуш берүүчүлөрдү да жоопкерчиликке тартарын белгиледи.

CBS телеканалынын маалыматтарына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп кызматка келгенден бери ICE болжол менен 150 миң адамды өлкөдөн чыгарган. Алардын 70 миңи унаа жана миграциялык мыйзамдарды бузгандар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан