Ош шаарынын борбордук аянтын оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга байланышкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда ИИМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Оштун бир нече чиновниги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулуш материалдарын жогорулатылган баалар менен көрсөтүп тендер өткөрүшкөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 25 миллион 690 миң 143 сомду түзөт.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү катары Ош шаарынын мурдагы вице-мэри, 1981-жылы туулган И.М., инженер кеңешчи, 1967-жылы туулган Э.Э., архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик инспектор, 1992-жылы туулган Т.Т., Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган А.А. жана жаран, 1981-жылы туулган Н.С. кармалышты.
Кармалгандарга карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.