Социалдык тармактарда кыргызстандык улакчы Бексултан Абдыкалил уулуна (Халк) суктанган кытай кызынын видеосу тарады.
Анда кыз улакчынын денесине суктанып, кармап жатканын көрүүгө болот. Улакчы бала тамашалап "кетесиңби, мени менен Кыргызстанга?",-деген.
Социалдык тармактын колдонуучулары "Мыктысыңар, кыргыздын жигиттери", "Ошол үчүн Халк да", "Биздин балдарга башка улуттагы кыздар суктанат" деген жагымдуу комментарийлерди калтырышууда.
Эске салсак, Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Кытайда 22синен 24-июлга чейин оюн көрсөтөт. Ага 8 команда катышат, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандан барган командалар.
Видео: kokboru_ulak