Ноокат шаарына жаңы эвакуатор-манипулятор техникасы тапшырылды

Кечээ, 21-июлда Ноокат шаарына жаңы заманбап эвакуатор-манипулятор техникасы расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага облус жетекчиси Элчибек Жантаев катышып, техниканын ачкычын шаар жетекчилигине тапшырды. Эвакуатор-манипулятор техникасынын жалпы баасы 4 миллион 485 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланды.
Аталган техника Ноокат шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамсыз токтотулган унааларды алып чыгуу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу максатында колдонулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан