Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, алардын сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталды.
УКМК жер-жерлерде билим берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштерди улантууда.