Камчыбек Ташиев 33 күндүн ичинде классташына жаңы үй салып берди
Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияевге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчисинин жардамчысы билдирди.
"Анапияев 1 уул, 1 кыздын атасы. Ал көп жылдардан бери өз турак жайы жок, батирден батирге көчүп жашап келген. Муктаждыктан улам, классташы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Ал досунун суранычын кабыл алып, өз каражатына үй куруп берүүнү чечкен. 33 күндүн ичинде заманбап шарттарга жооп берген, жаңы үй курулуп бүттү. Бул жакшылык Анапияевдин үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулап, турмушун жаңы нукка өзгөрттү",- деп айтылат маалыматта.
Үй тапшыруу учурунда аталган айылдын тургундары бала бакча маселесин да көтөрүштү.