Таласта милициянын аллеясы ачылды. Бул тууралуу кечээ, 22-июлда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аллея бийиктен караганда милициянын генерал-майорунун погонун элесин чагылдырып, 15 сотых жерде жайгашкан. Ал ийгилик чки иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен 2 айдан ашуун убакыт ичинде бүткөрүлдү.
Эс алуу жайынын ачылышына жериликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышып, балдарга акысыз таттуулар таратылды.
Негизги максат жергиликтүү тургундардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү жана Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуу болуп санала тургандыгы маалыматта кошумчаланды.