Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну Тимохина Наталья аттуу жаран июнь айынын аягынан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Дайынсыз жоголгон жаран тууралуу маалымат:
• Аты-жөнү: Тимохина Наталья
• Жаш курагы: 80 жаш
• Бою: 160–165 сантиметр
• Дене түзүлүшү: толук
• Чачы: сары түстө, кыска
• Кошумча маалымат: Психикалык жактан жабыркайт
Бардык жарандар аталган адам тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү байланыш номерлерине кабарлап койсо болот: (03922) 4-39-80, 0701 06 41 02 (нөөмөт бөлүмү).