
Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору болуп
Төлөгөн Аматов дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, ал министрлик өткөргөн ачык сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган.
Аматов Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин (Автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча) жана Абдрахманов атындагы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын (Санариптик мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча) бүтүргөн.