Мухаммедкалый Абылгазиев Соцфондго карызы бар ишканалар азайбай жатканын айтты

“Социалдык фонддун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндѳ” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 4-февралда ЖКнын Социалдык саясат комитетинде каралды. 

Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Социалдык фондго карызы бар ишканалардын катарында “Тазалык” ишканасы (карызы 72,9 миллион сом), Бишкек троллейбус башкармалыгы (карызы 12,7 миллион сом) жана башкалар бар. "Сот аркылуу ишканалардын карыздарын өндүрүүдө 2,5 миллиард сомдук каражат өндүрүлүшү керек болсо, учурда 8 миллион сом гана өндүрүлдү",- дейт Абылгазиев.

Мекеме башчысы карызы бар ишканалардын саны азайбай жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан